18.02.2019 11:45

Жалал-Абад шаарындагы ЦУМдан алтын уурдагандар колго түштү

Жалал-Абад шаарындагы ЦУМдан алтын уурдагандар колго түштү

Жалал-Абад шаарында ЦУМ соода борборунан алтын уурдагандар колго түштү. Бул туурасында Мамлекетик чек ара кызматынан билдиришти. 

Маалыматка караганда, Жалал-Абад облустук чек ара башкармалыгына 5 белгисиз адам соода борборунан алтын жасалгаларын уурдап кеткени тууралуу маалымат түшкөн.   

Эки сааттан кийин уурулук кылган жарандар кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын «Маданият-автожол» өткөрүү пунктунан кесип өтүүгө аракет кылып жаткан жеринен колго түшкөн. Кароо жүргүзүү учурунда алардын жанынан мурда уурдалган алтын буюмдар табылган.  

Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалгандар ИИМдин Жалал-Абад облусундагы   кызматкерлерине  өткөрүлүп берилди.